Кыргыз курамасы Кытайга каршы оюнда кандай түстөгү формада чыгары белгилүү болду

Бүгүн, 7-январда Азия Кубогунун алкагындагы Кытайга каршы беттеште Кыргыз курамасы ак түстөгү формада оюнга чыгат. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан таратышты.

Федерация социалдык тармактагы баракчасына аталган форманын сүрөтүн жарыялады.

"Кыргыз курамасынын оюнчулары ак, ал эми дарбазачыбыз кара түстөгү формада болот. Каршылашыбыз Кытайдын оюнчулары болсо кызыл түстөгү формада оюн талаасына чыгышат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан