НТВ телеканалынын "Ты супер!" сынагынын катышуучусу Урмат Мырсаканов сынактын экинчи турунда ырдоо манерасы менен калыстарды таӊ калтырган. Биринчи турда өзүн токтоо кармаган Урмат экинчи турда рок жылдыздын образына кирип, чыгармасын мыкты аткара алган. Ал чоӊ эмгек жасаганын, өсүү болгонун калыстар тобу да байкаган. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Кезинде белгилүү футболчу Валерий Карпин Урмат бош убактысында футбол ойноорун билип, ага колдоо көрсөтүү үчүн "Ты супер!" долбоорунун студиясына келген.
"Мага сенин аткарганыӊ абдан жакты. Сенде баары жакшы болот, эстрадада дагы, футболдо дагы. Негизи, сахна менен футбол талаасы окшош. Ал жакта да, бул жакта да көп эмгектениш, өнүгүү, бир жерде токтоп калбаш керек", - деген футболчу жаш талантка каалоо-тилектер жазылган топ белек кылган.
Жолугушуу тууралуу кененирээк көрүүчүлөр 8-апрелде экранга чыга турган видео аркылуу тааныша алары маалыматта айтылат.
Белгилей кетсек, март айында Урмат Мырсакановдун долбоордун кийинки баскычына өткөнү белгилүү болгон.