Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Чүй облусундагы Аэрофлот дачалык тилкесине Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 35 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан. Бүгүн, 27-апрелде кырсыктан каза болгондордун, жабыркагандардын туугандарынын персоналдык банктык эсептерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат которулганын Өкмөттөн кабарлашты.
Ал эми аталган аймактын тургуну Ысак Анарбаев бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына азырынча акча каражат которула электигин кабарлады.
"Кырсыктан жабыркагандарды чакыртышып, эсептик номер ачтырышкан. Эсептик номерлер ачылган, бирок каражат которула элек. Бул жакта жардамды бөлүштүрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор көп. Себеби алар жардамды туура эмес бөлүштүрүшүптүр. Мисалы, бирөөнүн тамы толугу менен бузулган, ага болгону 70 миң сом бөлүнүптүр. Башка бирөөнүн эшиги шамалдан сынып, унаасынын маңдайкы айнегинен жарака кетиптир, ага да 70 миң бөлүнүптүр. Элге ар ким келип, ар кандай сумманы айтып жатышат. Үйлөрү жабыркагандар эми бул акчаны алгылары да келбей калганын айтышууда. Ал эми биз тараптан комиссиянын түзүмүнө киргендер, биз менен сүйлөшүшпөйт деле", - деди Ысак Анарбаев.
Тургун эртең, 28-апрелде дачалык тилкенин жашоочулары борбор калаада тынчтык митингин өткөргөнү жатышканын билдирди.
Мындан тышкары кырсыктан үч жакын адамын жоготкон Зарылбек Орозбаев да азырынча каражат которула электигин билдирди.