Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Филипп Киркоровдун Бишкектеги концертинен түшкөн каражаттардын суммасы боюнча жана Спорт ордосунун имаратын ижарага алынышы боюнча келишимдин айланасында текшерүүлөрдү жүргүзө турганы маалым болду.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ырчынын концертинен түшкөн каражаттардын бир бөлүгү максатсыз пайдаланылганы тууралуу интернеттеги маалыматтар жана бул тууралуу аларга түшкөн арыз негиз болгон. Маалыматтар боюнча иликтөө жүрүп, тийиштүү стандарттарга ылайык текшерүү боюнча тапшырма Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жиберилген.
Юстиция министрлиги билдиргендей, Спорт Ордону ижарага алган "Creativ Gamma Media Group" жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Миррад Сатыбалдиев (Ислам Сатаров). SUPER.KG порталы ага байланышканда, бул жагдай тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.