Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында бүгүн, 30-апрелде издөө-куткаруу иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"2017-жылдын 30-апрель күнү саат 10:50дө издөө иштери улантылып, мөндүр жаап убактылуу токтотулган. Учурда кайрадан улантылууда. Издөө иштерин 380 адам жүргүзүшүүдө.
Издөө-куткаруу иштерине Өзүнчө куткаруу отрядынан 110, Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40, Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, андан сырткары жергиликтүү тургундардан 40 жаран, ИИМден 50 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (Улуттук гвардия), Ош шаарынан Аскер бөлүгүнөн 50 жоокер тартылды.
Андан сырткары 1 даана жүктөгүч жана 1 даана экскаватор тартылды. Жеринде иш алып барып чечим кабыл алуу үчүн 2 чатыр штаб түзүлгөн.
Ошондой эле райондук медицина кызматынан 15, райондук архитектура кызматынан 12 кызматкер жеринде иш алып барышууда", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган айылда кечээ, 29-апрелде кар жааганын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн эртеӊ менен жааган мөндүргө байланыштуу убактылуу издөө иштери токтотулган эле.