Тажикстанда ашыкча салмактагы милиция кызматкерлери жумуштан алынды

Тажикстандын ички иштер министринин койгон талабынан кийин ашыкча салмактагы милиция кызматкерлери жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

5 ай мурда министр милиция кызматкерлеринен тиешелүү нормаларга ылайык арыктоону талап кылган. Андан бери кызматкерлердин айрымдары 5 килограммдан 20 килограммга чейин салмак ташташканы жазылат маалыматтарда.

Берилген убакыттын ичинде ашыкча салмактан арылбаган 10 тартип коргоочулары иштен алынганы маалым болду. Мындан сырткары 100дөй тартип коргоочуга эскертүү жана арыктоо үчүн убакыт берилди. Нормага ылайык, бою 1,68-1,70 сантиметр болгон милиция кызматкеринин салмагы 75 килограммдан ашпашы керек.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Тажикстанда 20 жаштан жогору курактагы эркектердин 31,2 пайызы жана аялдардын 30,5 пайызы ашыкча салмакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
adi.ali94
2017-05-05 09:48:57
Бизде да ушундай кылышса кана а?
+22
admiral
2017-05-05 09:49:12
Жакшы вариант экен
+16
Gulnur1980
2017-05-05 09:51:05
Бизде милиция кызматкерлерин ушинтип азайтабыз дешсе,эч кимиси калбайт го)))
+20
Adil706070
2017-05-05 09:59:00
Ак уйдогулордун 80% ишсиз калмак анда бизде да ушундай мыйзам иштегенде
+18
nargis
2017-05-05 10:15:01
Кыймылдуу болсо жакшы да 31% 20 жаштан жогору болсо оор салмактагылар коп экен.
+6
ady-88
2017-05-05 10:17:16
Мына Тажикистан онугуу жолунда кетип бара жатат. Эмомали рахмон президенти азамат кол куушуруп отура бербей иштеп жатат. Рогун гэсин куруп жатышат. Аа биздин чондорго соз жок.
+7
only_progress
2017-05-05 11:15:17
ady-88,Тажикстандын эмнесине суктанасын. Эмомали Рахмон да элини куп эле кууратып бутту го. Бул 25жыл президент болуп эмнени кыйратты дейсин?
+4
simone
2017-05-05 11:20:39
Рахмонали менен Алмазбек Дос да,ошого өнүкпөй жатат...
+4
Aima94
2017-05-05 11:34:34
Бизге мындай закон созсуз киргизиш керек. Жарылып кеткиче жешет бироонун артынан кубаласа жизнь жетпейт))) алма быш оозума туш деп тура беришет
+7
Ada3003
2017-05-06 00:12:48
Aima94,баары эле сиз ойлогондой эмес! Спортсмен милициялар деле бар.
0
baiazat
2017-05-05 15:50:32
Оо бизде да ушундай кылса милициянын 50% жок болмок.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан