Азия Кубогу: Кыргыз курамасы Түштүк Кореяга каршы ойной турган стадион 25 миң көрүүчүнү батырат (сүрөт)

Эртең 11-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Түштүк Корея менен беттешет. Оюн Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарындагы Хазза Бин Зайед атындагы стадиондо өтөт.

Аталган стадион 2014-жылы салынып бүтүп, 25 миң көрүүчүнү батырат. Стадион дүйнөлүк деңгээлдеги оюндарды кабыл алып келет. Акыркылардан болуп клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу болгон.

Белгилүү болгондой, Кыргыз курама командасы 1-турда Кытай курама командасы менен кездешип, 1:2 эсебинде жеңилип калса, Түштүк Корея Филиппин менен ойноп 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Кыргыз-Түштүк Корея беттеши эртең, 11-январда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан