"Менин досум түшүндө 2 гол киргизип жатканымды көрүптүр". Мындай пикирин Кыргыз-Филиппин беттешинде 3 гол жараткан Кыргыз курама командасынын оюнчусу Виталий Люкс оюндан кийин айтты.
Ал беттештен кийинки интервьюда төмөнкүлөргө токтоду:
"Беттеш мыкты болду, жомоктогудай. Кытайга каршы беттеште өзүмдү жакшы көрсөтө албасам дагы бүгүн бардыгы орундалып, ар бир соккум дарбазага багытталды. 4-голду киргизгенге дагы мүмкүнчүлүктөр болгон, бирок бир соккум штангага тийип калды. Бүгүн мен киргизген 3 гол Азия Кубогунда алгачкы хет-трик деп уккам, бирок ал андай эмес экен".
- Биринчи голдон кийин кандай сезимдер болду?
- Бүгүн биз жеңишке жетүүгө аракеттенгенбиз, бардыгы биз ойлогондой эле болду. Сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албайм. Эмне деп айтарымды дагы билбей жатам.
- Бул беттеште 3 гол киргизем деп күттүң беле?
- Жок, күткөн эмесмин. Негизи эле эч ким күткөн эмес деп ойлойм. Досумдун түшүнө мен 2 гол киргизип жатканым кириптир (күлүп).
- Футболдук клубуң үчүн дагы хет-триктерди киргиздиң беле?
- Ооба, буга чейин киргизип жүргөм, бирок алардын саны өтө көп эмес.
- Кийинки баскычта Кыргыз курамасы БАЭ менен кез келет. Атаандаш тууралуу эмнелерди билесиң?
- Эми БАЭ курама командасы талаа ээлери да, стадион күйөрмандарга толот. Алар менен беттешүү абдан оор болот деп ойлойм. Алар жакшы ойношот, биз бүгүнкүдөй жакшы ойношубуз керек.
- Сен Кыргыз курама командасынын тарыхында хет-трик жасаган алгачкы футболчусуң. Бул боюнча эмне деп айта аласың?
- Мен курама команда менен сыймыктанам. Хет-трик кылганыма алардын салымы чоң. Алар мен гол киргизгенге мүмкүнчүлүктөрдү берди.
- Кыргыз курама командасынын оюнуна кандай баа бересиң?
- Биз мыкты оюн көрсөтүп келе жатабыз. Кытайга жана Түштүк Кореяга каршы беттеште дагы мыкты ойнодук деп ойлойм. Ар бир оюн сайын биздин курамабыз мыктыраак оюн көрсөтүп келе жатат. Мындан кийин да мыктыраак болобуз деп ойлойм.
Кечээ, 16-январда Кыргыз курама командасы Азия Кубогунун алкагында алгачкы ирет жеңишке жетип, мелдештин жарым чейрек финалына өттү. Кыргыз футболчулары мелдештин 3-турунда Филиппин курама командасын 3:1 эсеби менен утуп алышты.