Азия Кубогу: Кыргыз курамасынын кийинки этапка өтүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?

Бүгүн, 13-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунун 2-туру жыйынтыкталат. Учурда "Кыргыз курамасынын кийинки этапка өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү барбы?" деген суроо жаралууда. Анткени Кыргыз курамасы өткөргөн 2 беттешинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Кыргыз футболчуларынын кийинки этапка өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү төмөн болсо да азырынча бар. Белгилүү болгондой, жарым чейрек финалга 1-2-орунду ээлеген 12 команда жана 3-орунду ээлеген 4 команда чыгышат. Кыргыз улуттук курама командасы азыр "С" тайпасында 3-орунду ээлеп келе жатат. Бирок бардыгы 3-турдун жыйынтыгы менен гана чечилет.

Азыр 3-орундан кийинки этапка өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар Таиланд, Сирия, Түркмөнстан жана Кыргыз өлкөсү саналат. Бирок азыр 2-тур жыйынтыктала элек. Бүгүнкү беттеште Түндүк Корея менен Омандын мүмкүнчүлүгү пайда болуп калышы мүмкүн.

Ал эми кийинки этапка жолдомо алган командалар Иордания, Кытай, Түштүк Корея, Иран, Ирак жана Сауд Арабиясы болууда.

Кыргыз футболчуларынын тагдыры 3-турда Филиппин менен каршы беттеште чечилет. Анда Кыргыз курамасы болушунча көбүрөөк гол киргизип, өз дарбазасына өткөрбөшү керек. Же болбосо башка беттештердин жыйынтыгына жараша биздин курамга тең эсептеги оюн деле болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nemo2016
2019-01-13 18:50:26
Ийгилик кыргызым
0
TalaCSKA
2019-01-13 19:05:16
Филиппинди утсак чыгабыз плей-оффко анкени Северная Корея , Ливан , Йемен , Вьетнам биричи претенденттер вылетке
+3
Nur777
2019-01-14 00:16:49
TalaCSKA,Оозуна май,айтканын келсин!)
0
Kattaldym
2019-01-13 20:01:52
Эптеп тырмышып чыгып алсак жакшы эле болмок.
+2
Modric10
2019-01-13 20:15:29
Кутман тагдыр сенин колунда гол откорбо суранам. Ийгилик Кыргызстанга
0
Avrora2017
2019-01-14 16:04:45
Биздикилер кок борудон алдырбайтда , футболунарды билбейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан