2019-жылы өтүүчү футбол боюнча Азия кубогуна билеттер 30-июлда сатыкка чыгат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз улуттук курама командасы катыша турган Азия кубогундагы билеттер 3 категорияга бөлүнгөн. Анда тайпалык баскычтагы беттештерге билеттердин баасы 25, 50 жана 75 дирхам (465, 929 жана 1394 сом) болот. Чейрек финалдык жана жарым финалдык беттештерге билеттердин баасы 50, 75 жана 150 дирхам (929, 1394 жана 2781 сом), финалдык беттештерге билет баасы 75, 150 жана 300 дирхам (1394, 2781 жана 5562 сом) болмокчу.
Беттештер |
Билеттердин категориясы | |||
III |
II |
I |
||
Тайпалык баскыч |
465 cом |
929 сом |
1394 сом |
|
Чейрек финал |
929 сом |
1394 сом |
2781 сом |
|
Жарым финал |
929 сом |
1394 сом |
2781 сом |
|
Финал |
1394 сом |
2781 сом |
5562 сом |
Эске салсак, футбол боюнча Азия кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылы 5-январдан 1-февралга чейин өтөт. Анда Кыргыз курамасы "С" тайпасында жайгашып, Түштүк Корея (7-январда, Аль-Айн шаарында), Кытай (11-январда, Аль-Айн шаарында) жана Филиппин (16-январда, Дубай шаарында) курамалары менен беттешет.