Окурман Бишкектеги №113-маршруттук каттамынын жоюлушунан улам ыңгайсыздык жаралып жатканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Жибек Жолу көчөсү менен түз каттаган мурунку №113-маршруттук каттамдын унааларын автобустарга алмаштырган. Автобустар №35-маршруттук каттам менен жүрүп жатышат. Албетте, алар ыңгайлуу, бирок убагында жүрбөй, дайыма кечигип жүрөт. Аралыктары өтө көп, жаңы унаа бекетке барганда жүргүнчүлөрдү бир автобустан экинчи автобуска которуп, анысы да тез эле кетип калбай, киши толтуруп туруп алат. Ошентип 15 мүнөттө жетчү жерге кээде бир саатта жетебиз. Ушул маселени карагандардан чара көрүшүн талап кылабыз", - дейт окурман.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-майында Бишкекке №35-каттамга жеке ишкананын жаңы алынган 12 автобусу киргизилген. Бул каттамда пенсионерлерге жеңилдиктер каралган эмес.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.