Бүгүн, 6-июль күнү эл аралык Футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде Кыргыз улуттук курама командасы 127-орунду ээледи. Кыргыз өлкөсү июнь айында Индия курамасы менен бир беттеш өткөргөн. Азия футбол конфедерациясында Александр Крестининдин шакирттери 20-орунда жайгашышкан.
Аталган рейтингде Азия Кубогуна тандап алуу оюндарындагы Кыргыз курамасынын атаандаш командалары, Индия 96-орунда, Мьянма 157-орунда жана Макао 182-орунда турат.
Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Конфедерациялар Кубогунун жеңүүчүсү Германия турат, алдынкы ондукта Бразилия, Аргентина, Португалия, Швейцария, Польша, Чили, Колумбия, Франция жана Бельгия командалары жайгашкан.