Президенттикке талапкерлердин шанстары тууралуу

Редакциядан: Саясат таануучу Денис Бердаковдун президенттикке ат салышчу негизги талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макаласын «АКИпресс» агенттигине жарыялады. Макалада келтирилген аргументтер КООМЧУЛУККА КЫЗЫКТУУ ДЕГЕН ПИКИРДЕ биз аны кыргызчага эркин котордук.

Жакын арадан бери мен өзүм үчүн президенттикке талапкерлердин шансы канчалык экендигин таразалаган рейтинг түзүп турууну чечкен элем. Мында алардын рейтингине жараша бирден онго чейинки упай ыйгарылат. Албетте, менин баалоом субъективдүү мүнөздө болот. Бирок ал фактыларга таянып, аныкталат. Убагы келгенде анын канчалык так болгондугун көрө жатарбыз. Анын үстүнө айрым талапкерлердин жең ичине каткан “көзүр картасын” – добуш сатып алуу ыктымалдыгын да эстен чыгарбоо керек. Ошентсе да...

Акыркы мезгилде интернет айдыңында аты-жыты белгисиз кайсы бир “эл аралык институттар” жүргүздү делген жана чындыкка чендебеген жыйынтыктар тизмектелген жасалма сурамжылоолор толуп кетти. Ошондуктан ички туюмга жана жеке талдоомдун натыйжаларына таянып сөз кылсам.

Сооронбай Жээнбеков. Кайрадан эле 8 упай десек болот. Буга байланыштуу АКИпресстеги добуш берүүнү эске салганыбыз оң. Анда добуш берүүчүлөр үчүн өтө татаал техникалык схема сунушталганын жана бул үчүн телефонго атайын тиркемени көчүрүү ж.б. нерселерди жасоо керек болгондугун ачык айтып коюшубуз керек. Башкача айтканда, бул добуш берүү катардагы карапайым кишилер үчүн эмес болчу (бирок айланып келип эле добуш бере тургандар дал ошолор эмеспи). Антсе да бул мелдеште Сооронбай Жээнбековдун алдыга озуп чыгышы көп нерседен кабар берип турат. Асыресе, анын мыкты иштеген, ийгилик жарата алган командасы бар экендигин айгинелейт. Бул болсо, албетте, Сооронбай Жээнбековдун жеңишке болгон шансын арттырат. Социал-демократтардын съезди да ал үчүн жетишерлик ийгиликтүү болуп, Жээнбековду бир добуштан колдоп беришти (тастыкталгандай, Чыныбай Турсунбеков добуш берген эмес экен). Партияда “өз пикири бар бөлүнгүч” катары кабылданып жүргөн Чыныбай Турсунбековго да съездде сөз берилгендиги КСДПнын өз күчүнө ишене тургандыгын көрсөтүп турат. Анан, албетте, Алмазбек Атамбаевдин Жээнбековду колдой тургандыгын жашырбаганы, ал тургай Жээнбеков - “Кыргызстан үчүн мыкты тандоо” экендигин теледен да ачык билдиргени өз ролун ойнобой койбойт.

Бүгүнкү шартта мындай позиция жападан-жалгыз чечүүчү фактор болбогону менен, калктын айрым катмары үчүн азыркы президенттин пикири дале маанилүү жана салмактуу экендиги талашсыз.

Өмүрбек Бабанов. 4 упай. Анын тарапташтарынын өз талапкерин колдогон партиянын съездинин ордуна “курултай” түрүндө элди чогултканынан эле көп нерсени түшүнсө болот. “Ата Журт” болсо өз талапкерлерин көрсөтүп съезд өткөрүп салды. Анан “Республика-Ата Журттан” эмне калды дейсиң?

Курултайда “Алга Кыргызстан” партиясы менен “Ак жолду” эске салган ийгиликке төп келбеген ураан айтылды (шайлоого аз калганда алмаштырып коюшпаса эле). Курултайдын катышуучуларына кайрылып, Бабанов: “Силер – менин командамсыңар", - деди. Анда жөн гана кызыгып сурап койгум келет: бул адамдардын бардыгы партиялаштар болбосо, анда кимдер болду экен?

Азыркы президенттин талапкерлердин бирин колдогон көрсөтмөсү Бабановго тескери таасирин тийгизиши ыктымал. Анткени анын үгүттөөчүлөрү Атамбаев Өмүрбек Токтогуловичти өзүнүн мураскери катары кабылдайт деп бир нече айдан бери элди ишендирип жүргөн мезгилде мындай маалымат алардын ындынын суутуп койгондой болду.

Темир Сариев. 4 упай. Темир Сариевдин “Ак Шумкар” партиясынын съезди ыйкы-тыйкысы жок тынч өттү. Анткен менен чакан эле дебесек да аймактык гана деңгээлде болгон партияны жалпы улуттук баскычка жеткирүү ишинде булар убакыттан уттуруп коюшту. Анын үстүнө алардын бир катар шайлоого катышпай калгандыгы да терс таасирин тийгизди. “Ак Шумкар” көпкө “дымып калгандыктан”, акчаны суудай чачкан күндө да анын ишмердүүлүгүн тез арада жандандырып жиберүү оңойго турбайт. Темир Сариев шайлоочулардын аны колдоп кол койгон тизмесин эң биринчи болуп БШКга тапшырды, демек, анын командасы жигердүү иштеп жатат (муну интернет айдыңынан да байкоого болот). Ал эми алдынкы саптагыларды кууп жете алабы, мезгил көрсөтөт.

Чыныбай Турсунбеков. 1 упай. Ал азырынча расмий түрдө талапкерлигин коё элек. Коюшу да күмөн деген кеп бар. Бирок коё турган болсо...

Ага КСДП партиясынын съездинде сөз сүйлөп, өз шайлоо программасын ортого салганга мүмкүнчүлүк беришти. Сүйлөгөн сөзүнүн орундуу, сабаттуу экендигине караганда, иштерман командасы бар экендиги анык. Бирок талапкерлигин коё турган болсо партиянын катарынан сүрүлүп кала тургандыгы айкын эле болуп калды. Муну Атамбаев да басма сөз жыйынында ачык эле билдирди. Башкача айтканда, мындан ары ал баары бир партия менен Атамбаевдин кадыр-баркын колдоно албайт. Ал эми өзүнүн эл ичинде кадыр-баркы барбы, аны эл тааныйбы? Буга шегим бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Akabai
2017-07-26 13:26:48
Супер инфо президентке суроо берген журналистиңер боюнча жазбайсыңарбы иштен кеткени чынбы?
+3
CEO
2017-07-26 13:40:26
Урматтуу СуперИнфо, жогорудагы эл тааныбаган биринин субьективдуу пикирин жарыялаган сон биздин окурмандардын да пикирин жарыялап турсанар болмок экен...

Жогорудагы адам айткан Акипресстин сурамжылоосуна тар чойродогу адамдар катышып ал чындыктан ото алыс экенин унутпасак... 2010-жылда ЖК болгон шайлоо астында сурамжылоо жургузгон кайсы институт же саясий серепчи "Ата-Журт" партиясын эч болбосо 3-орунда корду эле?!! АКИпрессчи?!! "Ата-Журт" ошондо маарага биринчи келд
0
CEO
2017-07-26 13:42:00
биринчи болуп келди эле го, кана ошол сурамжылоолордун чындыгы?!!
0
CEO
2017-07-26 13:45:31
СуперИнфо сайты жургузгон сурамжылоодо Жээнбеков эн артта эмес беле, эч ким колдобогон, же калппы?!!

Эми бийлик СДПКнын колунда болуп, СДПК, бийлик колундагы админисьративдик ресурсту Жээнбеков учун колдонот. Мына мамлекеттик болобу, менчик болобу ММКларда Жээнбековду мактаган макала жарыяланбаган кундун озу жок болуп калды...

Ошондой болсо да, добушун сатпаган шайлоочулар да бар экенин унутпагыла...

Бул шайлоодо Жээнбеков, Бабанов, Мадумаров учоонун шансы бирдей!
0
jbolotov
2017-07-26 13:47:15
Жээнбеков лидирует деп кайсы чет элдик журналистер же аналитикалыгы сурамжылаптыр? Элге карап калп айтышса болмок. Жээенбеков даяр жазып бергенди окуй албайт анан эмнени кыйратмак эле.
Суп.Ин.сурамжылоосу боюнча Мадумаров биинчи элего? Же ким акча берсе жазабересинерби?
+1
jbolotov
2017-07-26 13:52:42
Президент болом дегендерге акыл эси ордундабы деген текшерууну киргизиш керек болуп калды, анан орус башка улутта болбошу керек! Мисалы Н.Назаров деген аферист, мен билем. А.А дегенди озунор билсенер керек 500 го чыгам деген киши ошол.
0
omka100514
2017-07-26 14:06:34
Темадан сырткары жазып жатам кечиресиздер окурмандар.
Кечеги куну Super.kgнин кабарчысы Афтандил Добулбеков Чолпон-Атада президентке суроо бергенин жазып чыктынар эле, сыймыктангансып. Ал эми ал редакцияга келгенде кабарчыны иштен кетирипсинерго, мен аки пресстен окуп аябай тан калдым. Ошол учун эле иштен алып койгон туурабы, силерде адилеттулук, бир аз чындык бар десе силер деле АШАнын адамдары экенсинерго. Президентибиздин сиркеси суу которбой калыптырда, соз жакпай.
0
stimyl.kg
2017-07-26 14:09:16
Байкаган адамга бийликтин адамын тикелей эле угутоо башталыптыр. Акипресстин жыйынтыгын бетке кармап элдин атынан суйлоп уэл колдоп жатат дегенинер чоон катачылык. Акипресс кандай сайт ким аркылуу колдоо алып жатканын абдан жакшы билебиз. Бул сайт бийликтин камчысын катыра чапкан сайт,ошондуктан анын чечими пикири эчнерсени чече албайт. Дагы да болсо куроздукко салып пайдасыз кандидатын откорууго элдин ансезимине чабуул жасоого отушту..
0
stimyl.kg
2017-07-26 14:14:00
Афтандил Добулбеков бойунча супер кжны коментарий беруусун талап кылабыз кантип эмне себептен ким аркылуу жумуштан айдалды?????? Талап кылабыз!!!
0
no.comment
2017-07-26 14:23:16
Добулбеков эмне деп суроо салды эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан