Америкалык теннисчи Серена Уильямс көз жарды. Бул тууралуу маалыматты 1-сентябрь, жума күнү Daily News басылмасы жазып чыкты.
35 жаштагы теннисчи кыздуу болуп, салмагы 3 килограммдан ашкан. Басылмада кыздын атын ким коюшканы жазылбайт. Кош бойлуу экендигин теннисчи ушул жылдын 19-апрелинде жарыялаган. Июнь айынын аягында Серена кош бойлуу кезиндеги ачык сүрөттөрүн жарыялап, болочоктогу наристесинин атасы тууралуу басылмалардын бирине интервью берген.
Эске салсак, Серена Уилямс жыл башында Австралия Ачык Биринчилигинин кыз-келиндер арасында жеңүүчүсү болуп, финалга өзү менен бирге чыккан эжеси Винус Уильямсты жеңип алган.
Серена Уильямс - "Чоң шлем" турнирлеринде жеңиштердин саны боюнча рекордчу болуп саналат. Анын учурда жекелик разряд боюнча 23 титулу бар. Ошондой эле теннисчинин 4 олимпиадалык алтын медалы бар. Анын ичинен үчөөнү жуп разряд менен алган. Спортчу 2018-жылы кортко кайтууну пландап жатканын билдирген.