Австралия Ачык Биринчилигинин кыз-келиндер арасында жеңүүчүсү болуп Серена Уильямс саналды. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, ал финалда өз эжеси Винус Уильямсты 6:4, 6:4 эсебинде утуп алды. Ал муну менен 7-жолу Австралия Ачык Биринчилигин жеңсе, жалпы Чоң шлем алкагындагы мелдештин 23-жолку жеңүүчүсү аталды.
Эскерте кетсек, бүгүнкү оюнда сиңдисинен жеңилүү ызасын тартып калган 36 жаштагы америкалык теннисчи Винус Уильямс Коко Вандевейди жеңип, өзүнүн карьерасындагы Чоң шлемдеги мелдештерде 15-финалына чыккан. Мындан соң ал финалдык беттеште сиңдиси Серена Уильямс менен кез келмек. Эже-сиңди Уильямстар ушуну менен 9-жолу Чоң шлем мелдештеринин финалында атаандаш катары кезигишти.