Азияга карай жол татаалдашты. Кыргыз курамасынын "Ак шумкарларын" кандай тагдыр күтөт?

Ушул жылдын 5-сентябры Азия чөлкөмүнүн командалары үчүн чечүүчү күн болду. Бул датада аталган континенттин лидер саналган курамалары футбол боюнча 2018-жылы өтчү Дүйнө биринчилигинин тандап алуу оюндарын жыйынтыкташса, калгандары Азия Кубогуна жол түптөгөндү улантышмак. Бирок Кыргыз өлкөсү буга катышкан жок. Бир караганда тайпадагы катардагы оюн саналган беттеш өлкөбүздүн премьер-министрине чейин көңүл бурдуртту. Мьянмадагы кандуу окуялардын айынан бул беттеш Бишкек шаарында ошол күнү болбой турган чечим чыкты. Азия футбол конфедерациясы бул чечимди түшүнүү менен кабыл алып, оюндун тагдырын комитеттин жыйынында чечмей болду.

Муну менен бир канча убакыттан бери футбол майрамын күтүп жаткан жергиликтүү күйөрмандарга оңтойсуздук жаралды. Себеби кыргыз футбол сүйүүчүлөрү жеңишке суусап турган чагы. Индиядан ызалуу жеңилип, Өзбекстанга ири эсепте утулган Байматов жана анын командасы кызыктуу беттеш тартуу кылышарын чыдамсыздык менен күтүп келишкен.

Тайпадагы абал

Учурда өз тайпасында Кыргыз футболчулары 3 упай менен 2-орунду дал ушул Мьянма менен бөлүшүп келүүдө. Тайпада кызуу күрөш ушул команда менен жүрө турганы айдан ачык. Оюн эми нейтралдык талаада болуп калышы мүмкүн. Бул техникалык жеңилүүгө караганда алда-канча жакшы. Индия өз үйүндө бизди жеңген соң өз күчүнө ишеним артып калышты да, 5-сентябрда Макаону 2:0 менен жеңип алышты. Учурда алардын карамагында 9 упай бар. Эми Кыргыз Индияны гана өз үйүндө кабылдайт. Калган 2 оюн конокто жана бир оюндун жыйынтыгы азырынча белгисиз бойдон. Эске салсак, Азия Кубогуна тайпада 1-2-орун алган командалар чыга алышат.

Крестининдин өсүүсү токтодубу?

Бир канча оюндардан бери Крестининдин командасы көңүл толумдуу футбол көргөзө албай жатканы чындык. Макао менен болгон оюнда Байматовдун башы менен киргизген голу сактап кетсе, Индия каталарыбызды айкын көргөзгөн. Жолдоштук беттештердин жыйынтыктары жеңилүү менен аяктаган. Негизгиси бул маанилүү эмес. Маанилүүсү - машыктыруучунун карамагында футболчулардын көзү күйүп, оюнга толук берилип ойноосу. Чындыгында учурда Австралия менен ойногондой берилип ойноону көрүү мүмкүн эместей. Бул Крестининдин умтулуусу токтогонбу же футболчуларыбыздын жеткен потенциалы ушундайбы деген суроо туулат. Уламдан улам жаңы жана жаш оюнчулардын курамга чакырылып жатканы да ошондон. Курамга жаңычылдык киргизип турбаса, футболчулардын өсүүсү болбойт. Кандай болгон күндө да, Крестининдин башкы максаты Азия Кубогуна чыгуу. Тактикасын Моуриньодой "автобус" кылабы же Зидандай чабуулга ыктайбы, тайпадагы 3 оюндун жыйынтыгы менен Азия Кубогунан ордубузду табышыбыз керек.

Коңшуларда абал кандай?

Коңшу өлкөлөрдүн арасынан Өзбекстан Дүйнө чемпиондугуна чыгуу үчүн кайрадан бир кадам гана жетпей калды. Тагыраагы, 2 упайлык бир кадам. Футбол жаатындагы өнүгүү боюнча Борбор Азияда үлгү боло турган команда акыркы турда Түштүк Корея менен 0:0 эсебинде тең чыкты. Бул оюнду утканда алар кийинки жылы Орусияга аттанышмак...

Казакстан Европа чөлкөмүндө намыс талашып, атаандаштык азырынча жарата албай келишүүдө. 3 күндүн аралыгында өз үйүндө Черногорияга 0:3 эсебинде утулса, конокто Роберт Левандовскинин командасынан ири эсепте жеңилип келишти. Өз тайпасында акыркы орундарда гана жайгашып келишет. Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстан бизге окшоп 2019-жылы өтчү Азия Кубогуна ат салышууда. Азырынча 3-турдук оюндардан кийин өз тайпаларында 2-орундарды ээлеп келишүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Isco22
2017-09-06 11:24:14
Ойнош кк. Кандайча тех.поражения болуш кк. Утуш кк, болду ошо жетет
+2
Kg-kg-kg17
2017-09-06 11:25:26
Крестинин аракет кыл.Мяньманы ХХХХ таштагыла.Ойунду оз уйубуздо ойной турган кылып чечсе жакшы болмок.
+1
kriss120
2017-09-06 12:21:28
Озубуздон койуш керек машыктыруучуну. Оз олтурбойт жат жарытпайт деген соз бар кыргызда.
+1
janjigit
2017-09-06 15:00:00
Kriss озубуздон дагы койуп корушкон.онукпой эле кайра артка кеткенбиз.крестинин бир аз да болсо топ тебишти уйротуп койду.убакыт бериш керек
+3
tawbawat
2017-09-06 20:23:58
азия кубогуна барышыбыз керек
+1
ussr7
2017-09-06 22:22:01
Крестинин Максат Алимовду чакырыш керек.
0
94944848kubin
2017-09-07 03:44:10
Алга Кыргызстан
0
Bakulya97
2017-09-08 13:22:26
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан