Александр Крестинин: "Палестина менен боло турган оюнда жолдоштук беттеш экенине көңүл бурбайбыз"

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы Палестина менен боло турган оюнда жолдоштук беттеш экенине көңүл бурбай, жеңиш үчүн болгон күчүн жумшайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда маалымат жыйында футбол боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

"Баарыбыз оюнга даярбыз. Жаракат алгандар жок. Азия оюндарына тандоо турларынан кийинки өз талаабызда өтө турган алгачкы оюн. Тилекке каршы, өз үйүбүздө 2 гана беттеш өткөрөбүз.

Палестина курама камандасы жетишерлик деңгээлдеги мыкты команда. Жакшы оюнчулары бар жана агрессивдүү оюн көрсөтүшөт. Жолдоштук беттеш болгону үчүн ар кандай жаракат алуудан абайлап, футболду сак ойнойбуз дегенден таптакыр алысмын. Биздин оюнчулар өздөрүн көрсөтүш үчүн жолдоштук беттеш экенине карабай болгон күчү менен ойношот", - деди Крестинин.

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы менен Палестина курама командасынын беттеши эртең, 6-сентябрда 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Эки кураманын жолдоштук беттеши 2019-жылдын башында өтчү Азия кубогуна даярдануу максатында болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
keba300989
2018-09-05 15:37:13
Ийгилик Кыргызстан 2-0 Палестина
+2
Izdei_-_berem
2018-09-05 18:52:35
Билеттер каллы бекен,эртен алсам жетишемби,
+1
Ronalbek
2018-09-06 07:38:56
Кыргызстан алга,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан