5-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия Кубогу башталды. Мелдештин алгачкы беттешинде талаа ээлери БАЭ менен Бахрейн курама командалары кездешти.
Беттеш "Шейх Зайед" стадионунда орун алып, 1:1 эсебинде аяктады. 78 мүнөт бою командалар гол киргизүүгө аракет кылганы менен эсеп санын ача алышкан жок. 78-мүнөттө Бахрейндин чабуулчусу Мохамед аль-Ромайхи эсеп санын ачканга жетишти. Буга 10 мүнөттөн кийин Ахмед Халил пенальтиден гол киргизип, эсепти 1:1 кылды. Мындан кийин командалар эсепти өзгөрткөнгө үлгүргөн жок.
Белгилүү болгондой, 17-Азия Кубогунда Кыргыз улуттук курама командасы "С" тайпасында туш келип, Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин курамалары менен кез келген.
Кыргыз футболчулары алгачкы беттешин 7-январда Кытайга каршы өткөрсө, 11-январда Түштүк Корея, 16-январда Филиппин курамалары менен беттешет.