Биз социалдык тармакта

Иорданияда телеграм мессенжерине тыюу салынды

Иорданияда "Telegram" мессенжеринин иштөөсүнө өлкө боюнча чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чечим киберкылмыштуулуктун, коркутуп-үркүтүүнүн жана опузалап акча талап кылуунун алдын алуу, ошондой эле мыйзамсыз мазмундагы маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу максатында кабыл алынды. Мындан тышкары, бийлик жарандарды социалдык тармактарды колдонууда этият болууга, белгисиз аккаунттар жана шилтемелер менен байланышпоого чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы депутат тарабынан мессенжерди тыюу салууга сунуш киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан