Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Бишкек шаарынын вице-мэри Атай Муратбек уулунун докладын сынга алды.
Депутаттын айтымында, вице-мэр өзүнүн докладын да толук окуп бере албай, суроолорго жооп берүүгө жетиштүү даярдык көргөн эмес.
“Жок дегенде даярданып, докладды жакшылап бир-эки жолу окуп келсеңиз болмок. Докладды аягына чейин окуй албай жатасыз. Сиз вице-мэрсиз, депутаттарлын бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр болушуңуз керек”, - деди Калпаев.