Социалдык тармактарда чет элдик жарандын аркар-кулжага аңчылык кылып жүргөн видеосу тарады. Бул боюнча бүгүн, 16-ноябрда Жаратылыш ресурстары министрлиги текшерүү жүргүзүп, аңчылык мыйзам талаптарына ылайык болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө болгон. Кызыл китепке киргизилген Марко Поло кулжасын олжолоого белгиленген квотанын чегинде, 7 жаштан жогорку эркек кулжаларга гана уруксат берилет.
Министрликтин маалыматына ылайык, видеодогу кулжанын жашы белгиленген талапка туура келет.