Бүгүн, 16-ноябрда Бишкекте Исакеев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу жана оңдоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, жаңыланган жол тилкесинин узундугу 1100 метрди түзөт. Долбоордун алкагында жолдун бир тарабына ирригациялык тармак курулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынганы кошумчаланды.