13 жылдан бери боор оорусунан жабыркап жүргөн Назгүл Какишова жол кырсыгына кабылып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда бейтаптын жолдошу Алмаз Эсенкулов билдирди.
“Жубайым жол кырсыгына кабылып, жамбаш сөөгү сынып кетти. Абалы оор болууда. Учурда Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат. Кан кусуп жатат, кан басымы да төмөндөп кетиптир. Учурда дарыгерлер кан куюу аракетин көрүп жатышат”, - деп билдирди Эсенкулов.
Эске салсак, буга чейин Назгүл Какишованын боор оорусуна кабылып, операция жасатуу үчүн каражат таппай жатканы кабарланган.