Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз-Казак чек арасындагы абал тууралуу өкмөт маалымат берет. Бул маселени кароо боюнча КСДП фракциясынан депутат Улан Примов сунуштады.
Ал билдиргендей, Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал өзгөргөн жок. “Чек ара маселеси боюнча өкмөт өзүнүн аракетин кылып жатат. Бирок өзгөрүү болгон жок. Бүгүн премьер-министрди, буга тиешелүү министрлерди чакырып жабык эшик артында маалымат уксак. Депутаттар абалдан чыгуу үчүн өздөрүнүн сунуштарын берсе жакшы болот”, - дейт Примов.
Жыйынтыгында сунуш добушка коюлуп, колдоо тапты. Бул маселе бүгүн түштөн кийин каралмай болду.