Мамлекеттик чек ара кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасындагы абал өзгөргөн жок"

Кыргыз-Казак чек арасындагы абал өзгөргөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.

"Чек арадагы абал өзгөргөн жок. Казак тарап мурдагыдай эле күчөтүлгөн тартипте текшерүүдө. Бүгүнкү күнгө карата "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 380, "Чоң-Капкада" 170 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ал эми "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайында 100гө чейинки элдердин жана 50гө жакын унаалардын тыгыны бар", - деди Абдыкариева.

Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасында жалпысынан 8 көзөмөл-өткөрүү жайы бар. Анын ичинен "Ак-Жол", "Чалдыбар", "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайлары эл аралык мааниге ээ.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazgul90
2017-11-20 14:41:48
Онолбойт еми Жаны президент келип еле озгортпосо. Казахстан кыргыздар шорун курутуп жатат да кундо текшерип .
+2
Mirkgz-1990
2017-11-20 15:25:30
Чек ара не погода беле эрте менен чыгып карап бугун да жамгыр экен дегидей Аны биро барып суйлошуп чечбесе чечилбей да
+3
Azatbek83
2017-11-21 00:48:59
Эмне Назарбаев Сокенин туулган куну менен куттуктап койсо чек араны ачат дединер беле???АтанПаев кашасын озу жесин!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан