"Өмүрбек Бабанов камакка алынган жок", - деп SUPER.KG порталына саясатчынын жардамчысы Нурлан Абдалиев билдирди.
Анын айтымында, Бабанов акыркы жолу Таласка кеткен. "Андан кийин кайсы жакка кеткени тууралуу маалыматым жок", - деди Абдалиев. Ал Бабановдун учурда чет өлкөдө болушу мүмкүндүгүн четке каккан жок. Айрым маалыматтар боюнча, "Республика-Ата Журттун" лидери шайлоодон кийин "Бишкек-Москва" рейси менен учуп кеткен.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо утулган соң парламент жыйындарына катышкан эмес. 15-октябрда президенттик шайлоо күнү ал "мен эч кайда качпайм" деп айткан.
Бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. УКМК тергөө иштерин баштады.