"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары ойлорун SUPER.KG'ге билдиришти.
КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев бардык нерсе мыйзам чегинде гана болушу керек экенин айтты. Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков ар бир иш жөн жерден козголбой турганын белгиледи.
"Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов учурда Өзгөн районунда жүргөнүн айтып, Бабанов боюнча маалыматты уга электигин билдирди.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Бабановго козголгон кылмыш иши саясий куугунтук. "Саясий куугунтук экенин мектептин окуучусу дагы түшүнүп жатат. Үн каткандарды камай беришсе, чиновниктер калбай калат. Бардык эле чиновниктер бир жакка барганда дөөдүрөп сүйлөп жатат. Сүйлөп койдуң деп камай берген болбойт. Канчалаган коррупциялык иштер болуп жатат. Ал боюнча иш жок", - деди Шыкмаматов.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдиновдун пикири боюнча, Бабановго карата кылмыш ишинин козголушу туура эмес.
Айта кетсек, бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.