Белгилүү саясатчы, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын адамдын добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип конору белгилүү болду.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон. Былтыр декабрь айында экс-президент Алмазбек Атамбаев бул козголгон иштер негизсиз экенин айтып, алар жабылышы керек деген.