Накта окумуштуунун сөзү: "Давыдов мөңгүлөрүн талкалоо - бул былжырак кеп"

Улуттук илимдер академиясынын өкүлү табигый процесстердин мөңгүлөргө тийгизген терс таасири "Кумтөрдүкүнө" караганда кыйла орчундуу экенин далилдеди.

Жакында бейөкмөт уюмдардын активисттери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында чыгып, мөңгүлөр бар аймакта тоо-кен иштерине каршы митингге чыгышкан. Алар депутаттардан Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окуу режимине калтырууну талап кылышкан.

Кыргыз жергесиндеги мөңгүлөрдүн эрип жатканын моюнга алыш керек. Түштүк полюстагы муздуу массивдер да эрип жатат. Акыркы 30 жыл ичинде мөңгүлөрдүн салмагы төрттөн бирине чейин азайды. Ошондуктан Суу кодексине өзгөртүүлөр киреби же кирбейби, Кыргыз өлкөсүндөгү жана жер жүзүндөгү мөңгүлөр баары бир эрийт.

Бул пикирди текшериш үчүн биз бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө эмес, так маалыматтарга таянып жыйынтык чыгарган накта илимпоздорго кайрылууну чечтик. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына кайрылдык. Бул мекемеде мөңгүлөр эрип жаткан тенденция менен макул болушту. Алардын маалыматтары боюнча, "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгү мөңгүлөрдүн эришине таасири табигый процесстерге салыштырмалуу кыйла азыраак.

Илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоо илимий борборунун жетекчиси Рыспек Сатылкановдун айтымында, быйыл "Кумтөр" кенинин айланасындагы мөңгүлөрдүн эриши андан 20-25 чакырым алыстыктагыга караганда кыйла азыраак. Демек, кендин ишмердүүлүгүнөн эч кандай терс таасир болгон жок.

"Ушул жылы Лысый мөңгүсүнүн эриген аянты 1 миң 774 сантиметрди, Чоң-Сары-Тордуку - 1 миң 565 сантиметрди түздү. Ал эми "Кумтөрдүн" иши таасири тийбеген Чоң-Кутор мөңгүсүнүн эриген аянты 2 миң 240 сантиметрди, Ашу-Төр 2 миң 113 сантиметрди түздү. Ошондой эле карьерди казуу аймагында мөңгүнүн орточо эриши 278 сантиметрди, ал эми аймагына кирбегендики 363 сантиметрди түзөт. Демек, "Кумтөрдөн" 20-25 чакырым алыстыкта жайгашкан мөңгү 84 сантиметрге көбүрөөк эрүүдө. Албетте, кенди иштетүүдөн улам мөңгүлөрдүн эриши экология таасир этпейт деп айткан туура эмес. Бирок бул таасирдин глобалдык табигый процесстердикине караганда абдан төмөн. Мисалы, кенге жакын жайгашкан Дордуу мөңгүсү орто эсеп менен 260 сантиметрге, ал эми ылдыйраак жайгашкан Лысый мөңгүсү 237 сантиметрге эрип жатат. Демек, таасири бар, бирок абдан төмөн. Ошол эле учурда түштүк мөңгүлөр 300дөн 550 сантиметрге чейин эрип жатат. Ал жердеги деградация процесси катуураак болууда", - деп түшүндүрдү Сатылканов.

Мындан тышкары анын айтымы боюнча, мөңгүлөрдүн жоголушу боюнча кептер негизсиз.

"Мөңгүлөрдү Кытай же Өзбекстанга экспорттоо физикалык жактан мүмкүн эмес. Давыдов мөңгүсүнүн талкаланышы боюнча айтылган сөздөр негизсиз. 2007-жылы мөңгүнүн алдынкы тил катмары четинен алынган. Ал эми калган бөлүгү мурдагы калыптан бузулган эмес. Ошондуктан активисттер эриген мөңгүлөрдүн агымы Нарын дарыясына кошула турганын эске алышы керек. Биздин эсеп боюнча, бул агым Нарын дарыясындагы агымдын 0,04 пайызын гана араң түзөт. Кен мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Эриген суулар максатсыз жок болуп кетпейт. Ошондуктан мөңгүлөр жөн эле кыйрап жок болуп кетет деген сөз туура эмес. Бардык анализдер, изилдөөлөр ачык көрсөткөндөй, мөңгүлөрдүн бузулушуна "Кумтөргө" караганда глобалдык процесстер көбүрөөк таасир этүүдө”, - деп жыйынтыктады Сатылканов.

Окумуштууга ыраазычылык билдиребиз. Анын айткандары ушактарга жана эмоцияга негизделген чырлуу маалыматтарга чекит коёт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан