Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев акыйкатчы Токон Мамытовдон саясий иштерден улам камалган адамдардын укугунун корголушу боюнча маалымат берүүнү талап кылды.
"Сиз 2016-2017-жылдагы саясий укуктарды коргоону жакшылап карап койсоңуз болмок. 2016-жылы Референдум өткөрүүдө өкмөткө, БШКга көптөгөн сунуштамалар берилген. Алардын аткарылышы боюнча маалымат берсеңиз. Ошондой эле 2017-жылы президенттик шайлоодо болгон мыйзам бузуулар боюнча, шайлоо бүткөн соң саясий оппоненттерге Өмүрбек Бабанов, Канат Исаев жана башка адамдарга иш козголгон. Ошолор боюнча да маалымат берсеңиз”, - деди Жээнчороев.
Акыйкатчы Токон Мамытов баяндама ал кызматка келгенге чейин даярдалганын айтып, кийинки ирет бул маселени эске аларын айтты.
“Бул маалымат мага чейин даярдалып парламентке жиберилип калыптыр, эми аларды өзгөртүүнү мындан кийинки баяндамаларда эске алып, сиз айткан маселелерди камтыйбыз”, - деди акыйкатчы.