Депутат Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынын күн тартибине Бабанов тууралуу маселени киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 12-декабрда депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин күн тартибине экс-депутат Өмүрбек Бабанов тууралуу маселени киргизүүнү сунуштады. "Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзүнөн улам бир топ маселелерди карап чыкса болот. Жогорку Кеңеш Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча маалымат угушу керек. Бабанов жөн эле көчөдө жүргөн адам эмес, ал президенттик шайлоого аттанганда 2-орунду алган. Түштөн кийинкиге УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну күн тартипке киргизели", - деди Сабиров.

Жыйынтыгында бул маселе добуш берүүгө коюлуп, колдоо тапты. Саат 14:00дө аталган маселе боюнча маалымат угулат.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан