Баланы тепкилеген ата 2 айга камакка алынды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атанын баш коргоо чарасын аныктады. Чечимге ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынды.

Кылмышка шектүү жаран Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" жана "Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо" беренелери боюнча айыпталууда.

Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Ал киши интернетке тараган видео монтаждалган деп күнөөсүн моюнуна албай жатат.

Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы аны кызматтан кетире тургандыгын билдирген.

Баланы тепкен ата 2 айга камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
islamik
2017-12-04 19:51:29
Тууру кылат, 2 ай бойрогуно тевиш керек
+12
ainuska00
2017-12-04 19:51:39
Бейбаштык беренеси эмес.Адамдын ден соолугуна атайын залал келтируу деп иш козгош керек.
+18
Nurmat92
2017-12-04 19:52:28
Эмнеге 2 эле ай? жылдап камаш керек!!!
+9
islamik
2017-12-04 19:53:11
Nurmat92, 2 айдан кийин соту болот
деген мааниде
+7
Nibiru.
2017-12-06 00:48:51
Nurmat92,Сот эки айга санкция берет убактылуу камаганга. Ошол эки айдын ичинде тергоо тарабынан териштирилип,такталып анан иш кайра сотко откорулот. Андан нары кылган ишине,тергоонун далилдерине жараша сот ишти карап,канча жыл камоого же далилдери жок болсо ошого байланыштуу эркиндике чыгарат. Ошондуктан бир нерсени тушунуп туруп анан коммент жазгылачы жон эле ойду-тоону жаза бербей.
-1
Aitosh93.kg
2017-12-04 19:52:55
Туура эле болду болду аталык укуктан дагы ажыратып койуш керек деп ойлойм
+7
ainuska00
2017-12-04 19:53:18
Ушундай айбанга каарыгында да бала берип койгонун,айтканыма тооба кылдым.Балан озундой эмес,адам болуп чонойсо экен.
+7
aerforce
2017-12-04 20:04:00
туура эле 2айда жетиштуу болот тигил жакка киргенде озундой кылып бойрокко эки тебет омур бойу жаш баланы коргондо тоо чачы тик турат
+9
33SUUN
2017-12-04 20:52:37
aerforce,эки ай тергоо амалдары журот андан кийин сот болот.Бир эмес эки статья менен соттолот.(эгерде сотко акча бербесе)Кеминде эки жылга кете берет башын мыкчыган бойдон.Бирок иштебеген башты мыкчыган менен пайда жок.Мал дагы баласына уйурулуп,коркунуч болсо баласы учун жанын берууго даяр.Тообо кылдым!-деп коюшат беле мындайда.
+5
uli1234
2017-12-04 20:32:20
Тураа эмес кылды эскертуу берип чыгарып койуш керек эле уй булосун бакмакда
-9
mir777
2017-12-04 21:17:50
uli1234,чыгып барып эле сени тепкенде
+6
mir777
2017-12-04 21:17:19
Азамат соттор!
+7
KgKerim
2017-12-04 22:38:08
Буту сынгыр сооп болот, андан ары жылдап камасын!
+2
RNA78
2017-12-04 22:52:27
Менимче жыгылып тушуп туралбай жатат жер муз екен акмак тургузуп койбой карап турат мындай мееримсиз атанын баарынан жогу ушинтип уруп журуп майып кылгандан коро
+5
Milana.
2017-12-04 23:15:36
неге окуя жонундо толук жазбайсынар супер эмне учун тепти кошуналары билдиргенге караганда апасы деле кыйратып карабайт окшойт так так толук маалымат жазгылачыы мен кыжаалатмын балким апасы баланы уйдо уруп жаткандыр
+7
Gulizat.B
2017-12-06 11:54:17
Milana.,туура айтасын сенин айындан деn баланы уруn жатkандыр уйдo аnасы дагы.уйунoн дагы kабар алыn туруш kереk тийиштуу oргандар
+1
raykray
2017-12-04 23:59:47
Ошо кошуналарыда беренесинеда нааразы , кошналарынын созундо-жан бар текшериш кк
+3
Pandora
2017-12-05 00:53:20
Копко эле камоо керек,ал жактан чыгып алып сени деп камалып,жумушумдан айрылдым деп даагы урат
+3
Freemankg
2017-12-05 11:02:34
Экинчи Бакиев !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан