УКМК: Бабановго козголгон кылмыш иши токтоп турат

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдон экс-депутат Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин тагдыры тууралуу сурады.

"Президенттик шайлоо өткөнүнө бир жыл болду. "Республика-Ата Журт" фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго шайлоонун негизинде Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө "улуттар аралык кастыкты козутуу" бар деген кылмыш иши ачылды. Беш эл аралык уюм жана биздин эксперттер улуттар аралык кастыкты козутуу жок экенин билдиришти. УКМК, материалдарды карап көрдүңүздөрбү? Кылмыш ишинин тагдыры кандай болуп жатат?" - деп эл өкүлү УКМКнын төрагасынан сурады.

УКМКнын төрагасынын айтымында материалдар кылмыш ишинин алкагында каралып жатат. "Суроо-талаптарыбызга жооп күтүп жаткандыктан ишибиз токтоп турат", - деди Кадыркулов.

2017-жылы 4-ноябрда Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 30-декабрда ал саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган.

Ал эми 28-мартта Өмүрбек Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан