Вице-премьер күйүүчү майды өлкөнүн түштүгүнө темир жол аркылуу жеткирүү жолдорун карап чыгууну тапшырды

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 20-январь күнү Чычкан капчыгайына бензовоз кулаган фактысы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан 24-январда кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө Кенекеев акыркы учурда бензовоздордун катышуусу менен жол кырсык фактылары арбып жаткандыктан аталган окуя республиканын жарандары арасында кооптонууларды жаратып жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу кеңешмеде күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз жол менен ташуу маселеси каралды.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу материалдар өлкөнүн түштүгүнө Бишкек-Ош жолу аркылуу унаа менен жеткирилет. Мындай ташуу өзгөчө кыш мезгилинде абдан татаал болуп эсептелет.

Күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз ташууну камсыз кылуу максатында Кенекеев тийиштүү мамлекеттик органдарга күйүүчү майды республиканын түштүгүнө темир жол транспорту аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароо, аны менен катар Өзбекстан Республикасы менен темир жол аркылуу жүк ташуу тарифтерин төмөндөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Айта кетсек, 20-январь күнү Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа сууга түшүп кетип бир адам каза болуп, эки адам жаракат алган. Андан сырткары аталган унаадагы күйүүчү майдын бир бөлүгү сууга төгүлүп, балыктар кырылып жатканы тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Leilek-razzakov
2018-01-24 20:34:11
Бир гана куйуучу май эмес, элдерди ташыган деле поездерди коюшса болот.
+2
econom313
2018-01-24 20:50:20
Эң керектүү кадам
+1
stal.ks
2018-01-24 21:26:26
эн туура маселе
+1
Belekus
2018-01-24 23:29:21
ал айтып коюш онойда, ошо менен бутот соз, поезд жолдору бизде тупикте - чуй менен ош байланышпайт, ал учун казактар менен озбектер менен суйлошуп транзитти тууралаш керек, 20 жылдан бери бир соз табыша албай койдук, эки кундоле минтранс маселени чечип коймок беле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан