Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев Бишкек-Ош жолу аркылуу күйүүчү май ташуунун башка жолун издөөнү сунуштады. Эл өкүлү күйүүчү май ташыган унаалар жолдо көп ыңгайсыздык жаратып, кооптуу кырдаалдарга себеп болуп жатканын айтты.
"Күйүүчү май ташыган унаа сууга оодарылып, миңдеген балыктар кырылып калды. Муну биз көзүбүз менен көргөнбүз. Биз көрбөгөн канча нерселерге терс таасирин тийгизип, жоготууга учурап жатат. Сиздер билгендей, Чычкан суусу Нарын дарыясына кошулат. Анын этегинде канчалаган калк, шаар жана айылдар бар. Бул боюнча өкмөт иш алып барышы керек. Түштүккө күйүүчү май ташууну темир жол аркылуу уюштуруп, тартипке салса жакшы болот эле. Ошол күйүүчү май ташыган унаалар жолдордо токтоп калып, башка айдоочулар да кыйналып калган учурлар көп. Өткөндөгү Чычкан дарыясына кулаган унаанын кесепетинен биздин бир топ балык чарбасын кармаган жарандар чыгым тартышты. Аларга да компенсация төлөп берүү жагын караш керек", - деди Артыкбаев.
Белгилей кетсек, 20-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа сууга түшүп кетип 30 тоннага чукул май сууга төгүлгөн. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы андан ууланган балыктар кырылып жатканын билдирген.