Бүгүнкү күнгө, 28-январдын таңкы саат 7ге карата Бишкек шаарында жайгашкан ЖЭБдеги абал турукташты. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.
"Баары жакшы. Шаарга берилген жылытуунун орточо температурасы 60 градус, ал эми Аламүдүндө 75 градус. Биз мындан ары да жылытууну жогорулатабыз. Күчөтүлгөн режимди сактайбыз", - деген маалыматты "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы таратты.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.