Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдингдин" басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 2-февралда түштөн кийин премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы менен "Электр станциялар" ачык акционердик коому Нурлан Өмүркул уулун ээлеген кызматынан бошотту. Ал эми учурда Бишкек ЖЭБинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Бектенов иштеп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы кызматынан тергөө бүткүчө бошотулуп анын ордуна убактылуу жетекчи болуп Таалайбек Бектенов дайындалган болчу.
Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.
Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.