УКМК Бишкек ЖЭБиндеги авариялык абал боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
"Бишкек Жылуулук электр борборунда авариялык абал катталгандан кийин эле иликтөө иштери башталган. Учурда иликтөө жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгында кеңири маалымат берилет", - деди басма сөз катчы.
Эске салсак, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.