Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария жел үйлөгүчтөр оңдоп-түзөөдөн көп жылдан бери өтпөгөндүктөн болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда пресс-турдун жүрүшүндө журналисттерге аталган ишкананын директору Нурлан Өмүркул уулу билдирди.
Анын айтымында, химиялык цехте модернизация алкагында оңдоп-түзөө аягына чыккан эмес. "Азыркы учурда жел үйлөгүч калыбына келтирилди. Мурда буга каражат которулган эмес. Жабдыктар 1960-жылы орнотулган", - деди Өмүркул уулу.
Мындан тышкары ал аварияга күнөөлүү адамды жана ага карата кандай чара көрүүнү атайын комиссия аныктай турганын айтты. "Бишкек ЖЭБдин ар бир жетекчисине тиешелүү милдеттер жүктөлгөн", - деди ал.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.