Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны 23 градус жылуу болгон кабинетте өтүүдө

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны температурасы +23 градус болгон кабинетте өтүүдө.

Учурда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат.

Анда жазгы талаа иштерине карата даярдык боюнча маселе каралып жатат. Баяндаманы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жасап жатат.

Эске салсак, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөй турганын, айрым тоолуу аймактарда -30 градус боло тургандыгын эскерткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
yrchy_jigit
2018-01-29 11:51:45
Олот экенго,элдер -10 градуста чыдап олтурушатго.Эркектей эле болсонор!
+12
raxatka
2018-01-29 11:53:08
Эл менен булардын иши жок отургандарын карасан бир нерсени кыйратып жиберчудой. Отопления жок же суу жок кыштын ызгаар суугунда отурасын уйдо балдарым оорубаса экен деп кудайга жалынып.
+10
Isco23
2018-01-29 11:57:17
Молодец еее ушуп калбагыла. Этият болгула
+12
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-29 11:57:45
Кап жаман болгон экен да
+8
gumigumi1990
2018-01-29 12:11:29
Иий,жаман болгон турбайбы. Этият болгула ушуп калбагыла. Силерсиз биз кантип жашайбыз!!!
+14
uncomment
2018-01-29 12:12:06
Суукка тоңуп өлгүчө иштеши керек булар
+6
Komrad
2018-01-29 12:29:32
Агрардык вопрос жазгы талаа иштери удагындагы койгойлор талкууланып жатыптыр... Молодецтер.. Бирок суугураак эле кабинетте отурсанар болмок эл катарында...
+6
Dembele84
2018-01-29 12:36:20
Кичине суугурак кабинет болгондо,коркуп жыйынга да келбей коймок бул биздин эл суйгон депутаттар )))
+8
Too-tash
2018-01-29 13:36:48
Депутат, министр, сот дегендер ыймандан кеткен, намыс деген тушунугу жок, эл суукта тонуп жатса, килейген залды 23 градус ысытып, жыйын откоруудон беттеои чымырап уялып коюшпайт!!!

Эл окулдору деген созду унуткула, элдин окулу элдин атынан суйлоп, элдин таламын талашчу адам... Ал эми буларга эл ушуйбу, тонобу, ач калабы, тентип жатабы, олуп жатабы баары бир...

Булардын Жогорку Кенешке депутат болуп келуудону максаты: оз бизнестерин коргоо, казынадан акча уурдоо...
+6
Too-tash
2018-01-29 13:42:56
Калп эле жазга даярдык коруп жатабыз деп ооз коптурбогуло!!! Жазга даярдык коруп Окмот тондурма айдап жатабы, элди урон менен камсыздап жатабы, элдин жерин айдап берип жатабы, кайдагы даярдык?!!!!!!!!!

Любой дыйкандан сура, Окмоттон кайсы жардам берилет ар жылы деп?!! Кайдагы жардам, Окмот сураганды, тартып алганды билет 99 налогу, сбору менен, бергенди билбейт дейт...

Кайсы даярдык, кайсы жардам экен, бизге да айтып откулочу, биз билбеген кандай жардамынар бар экен?!!
+8
gugu2727
2018-01-29 13:47:44
Булардын уйундо деле 24 25градус жылуу элдин уйундо суук болуп жатканын кулагы менен угуп эле койушуп атат
+9
Asyl.jazi
2018-01-29 13:53:55
Урматтуу, депутаттар! Грипптен этият болгула! Эшикти жаап кириниздер!
+11
Asyl.jazi
2018-01-29 13:55:23
Биздин уй комур жагып олтурсак деле +23 болбойт
+12
Aman0301
2018-01-29 18:05:30
Олуп еле калгыла
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан