КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Кымбат баалуу картинанын айланасындагы кызыктуу окуялар менен коштолгон "Понт" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Кубанычбек Курманбеков режиссёрлук кылган "Понт" тасмасы менен толукталды. Аталган фильмдин баш каармандары - Азамат Исмаилов, Алтынбек Казакбаев, Шумкар Бейшеналиев жана башкалар. Продюсерлери Нурлан Жаныбеков менен Рүстөм Аскенов.

Нурлан Жаныбековдун айтымында, комедиялуу тасма эки ай аралыгында тартылып бүткөн. Көпчүлүк учурда кадрлар борбор калаада, ал эми айрым эпизоддору Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган. Тасманын жалпы чыгымы 20 миң долларга жеткен.

"Кино тартуу клип тарткандай оңой эмес. Кино - бул кыйноо деп да айтып коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, тартуу иштери учурунда кыйынчылыктар абдан көп болгон. Анын үстүнө фильмди тартууну кышкыга пландап алгандыктан сырттан тартылган эпизоддордун баарында актёрлор үшүп, сууктун азабын жакшы эле тартканбыз. Ошентсе да, кино эл сынына коюлган соң абдан жакшы пикирлер айтылып, сарпталган каражатты толугу менен актап берди. Кинотеатрларга алгач кышында, анан 1-2 ай тыныгуудан соң, жай айларында кайталап көрсөтүлгөн", - дейт продюсер.

Фильмде Европадан алынып келген XIV кылымдарга таандык кымбат баалуу сүрөт аба майданында алмашып кетет. Ошол эле учурда ал калаада аукционго коюлуп, сүрөт чоң акчага сатылат. Бирок сатып алган адамга сүрөт тийбей, аны Алтуха жана Шума аттуу жигиттер издеп жөнөшөт. Тасма кымбат баалуу картинанын айланасындагы окуялар менен уланат.

"Понт" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Isco23
2018-01-31 18:15:29
Супер кжда калабы же 00.30да корсотуп кайра алып коесуздарбы
+1
admin_superstan
2018-02-01 08:49:40
Isco23, саламатсызбы! Эми биздин сайттан каалаган убагыңызда көрсөңүз болот.
0
Bale
2018-02-01 01:57:34
жакшы кино экен
0
Erlaha
2018-02-01 03:19:02
Жакшы жакшы таза Кыргызча так суйлоп ушинтип тартыш керек кинону базар жок
0
Aznazalai
2018-02-01 10:21:54
Буюрса коробуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан