Сапар Исаков: "Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча өкмөт жоопкерчиликти алганга даяр"

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралып жатат. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков келди. Исаков өкмөт жоопкерчиликти алганга даяр экенин айтты.

"Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал чоң көйгөйлөрдүн бири. 26-январдан баштап түзүлгөн кырдаал боюнча кандай көйгөйлөр, себептер бар экенин, реконструкция болуп жатканда кайсы жеринде ката кеткенин ойлондум. Тиешелүү комиссия түзүп жатабыз. Депутаттардын арасында каалоочулар болсо комиссияга кирип берсеңер жакшы болот эле. Ачык-айкын көйгөйдү чогуу карасак жакшы болмок. ЖЭБдеги насостун ичинде кир, ылай пайда болгон экен. Жайында ремонт болуп жатканда насос ачылды беле деген суроо туулат. Насосту тазалап жатканда от казандардын баары катуу сууктан тоңуп калган. Резервдеги от казанды иштетели десе ал да иштебей койду. Бул нерсе ЖЭБде көйгөй бар дегенди түшүндүрөт. Көп суроонун баары акчага келип такалат. Азыр ЖЭБден же "Улуттук энергохолдинг" компаниясынан сурасак акча жок деп айта турганын билип турам. Кырдаал боюнча өкмөт жоопкерчиликти алганга даяр. Жакшы караш керек эле. Акционердик коом тарабынан чоң билдирүүлөр болгон эмес. Алар "каражат жетишпей жатат, акча бөлүп бербесеңер авария болуп кетиши мүмкүн" деп бир дагы жолу кайрылган жок. Кышка карата даярдык боюнча эки жолу жыйын өткөн. Ошондо дагы "кышка даярбыз" деген сөздөрдү укканбыз. Бишкек шаарынын тургундарынан дагы кечирим сурадым. Көпчүлүк ЖЭБди жаңылоо боюнча бөлүнгөн 386 миллион доллар кайда кеткенин кароо керек. Бирок убагында ЖЭБди жаңылабасак авариялар болмок экен. Көп зыян тартмакпыз. Бул маселе боюнча иликтеп чыгуу керек", - деди Сапар Исаков.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.

29-январда өткөн брифингде Бишкек ЖЭБдин башкы инженери Нургазы Жээнбеков жаңыланган от казанын кошуу боюнча өзү чечим кабыл алса боло турганын айткан. Бирок ал эмне үчүн жаңыланган от казанын кошконго уруксат бербегени боюнча журналисттердин суроолоруна жооп бере алган жок.

“Улуттук электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев: "Жаңыланган от казандарын кошуу үчүн 10 саат талап кылынмак, ошондуктан кошулган эмес. Эскилер үчүн 3 гана саат талап кылынат", - деп журналисттердин суроолоруна жооп берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан