Депутаттар ЖЭБдеги авария боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде депутаттар Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы авария боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады.

"Өнүгүү-прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев 3 күн мурда өкмөт жылуулук бардык үйлөргө бериле турганын билдиргенин эскертти. "Өкмөт 3 күн мурун жылуулук берилет деп айтты эле. Азыркыга чейин берилбей жатат. Ошондой эле модернизацияга бөлүнгөн 386 миллион доллар боюнча дагы карап чыгуу керек. Эртең бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сунуштайлы", - деди Масалиев.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова Масалиевдин сунушун колдоп, бул боюнча саясий баа берүү зарылдыгын айтты.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат. Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан