Айбек Калиев "600 долларлык кычкач" тууралуу түшүндүрмө берди

2-апрелде Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев ЖЭБдеги "14 миң 500 долларга алынган" делген камералар 300 доллардан алынганын айтты.

"ЖЭБге орнотулган камералардын ар бири 300 доллардан алынган. 128 даана камера 38 миң 400 долларга алынган. Ал эми калган каражаттарга көзөмөл системи орнотулуп, 20 чакырымдын тегерегинде байланыш чубалгылары тартылган. Алыстан башкаруучу системи орнотулган.

Ал эми кычкачтын баасы деп башка шаймандарга коюлган баа көрсөтүлгөн. Анткени кычкач деп көрсөтүлгөн чемодандын ичинде 18 шайман бар. Андан тышкары биздин базарда сатылбаган импорттолуп келген резиналар болгон. Бул комплект котормодо "кычкач" деп жазылып калган", - деди Калиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
daiyrbek01
2018-04-02 17:57:31
Алдыгы чемоданды ичиндеги инстурменти менен жанын дагы оролгон резинканы менден сураса 600 сомго эле бермек экем
+15
korea
2018-04-02 17:57:41
Эмнени айтып атасын 128 камера жок биринчиден. Мен билем ошол жакта иштейм.Кайдагы шаймандар бизде жок 18 персон,резина деп башты айландыра. Бизде баары эле бар нерселер... Комиссиянын курамы алданып калыштыбы эми...!
+19
Almaz_kg
2018-04-04 20:12:13
korea,комиссияныда алмаштырыш керек
0
korea
2018-04-02 17:59:33
Башты айландырба көп эле...!!!
+10
fantomas
2018-04-02 18:10:22
Жээнбековдун иштеп иштебегени билинер, эл сыноосунан отоор убакыт келди. Жээнбеков эл учун иштегени чын болсо, ТЭЦтеги ири коррупцияга аралашкандар бири калбай камалышы керек, Атамбаев, Ж.Сатыбалдиев, Отораев, Сариев, Артыкбаев, Авазов, Калиев ж.б. баш болуп...

Эгер коррупционерлер жазаланбаса, анда Жээнбеков олкону ондойт деген умутунорду узгуло, анда эле Жээнбеков коорупционерлердин колундагы марионетка болгону ошол...
+12
BarsBaatyr
2018-04-02 18:17:12
Өөткөндө сүрөтү чыккан кычкач жок го бул жерде.
+9
King_Messi
2018-04-02 18:27:41
Алдап жатышат !!
+3
Baku88
2018-04-02 18:41:36
ХХХХХХХ эми алдап атып калп айткан боюнча эч кимди алдынарга салбайсынар э
+5
zheko
2018-04-02 19:16:09
Кыргызстан оңолбойт окшойт , өкүнүчтүү , элди , жерди ойлогон эр азамат чыкпайт окшойт .
+1
kirgiz.....
2018-04-02 19:44:40
Калиевди да коркутуп такалаган окшойт коркутуп. Кечээ башканы бугун башканы келжирейт. Эми мунун созуно эч ким ишенбейт.
+1
KYKYPT
2018-04-02 19:46:03
Набор болгондо да 600 доллар болбойт. 30-40 доллар болсо керек.
+4
beka666
2018-04-02 19:46:21
Аман эле болгула
+1
aerforce
2018-04-02 23:03:17
эки айда ошону ойлоп таапсыңарда аман эле болгула Алланын каарынан корккула
+2
al-abu-kinesz
2018-04-03 07:33:36
Комиссиялык териштируулор сурулуп отуруп жыйынтык чыкканга чейин акырындан ушундай арамза жол менен кутулуп кетишет. Анан ашанын приказы менен УКМК териштируунун мооноту бутту, орду менен эле расход болгон турбайбы деп ишти жаап салат. Буга жооп талап кылган журналисттерди, активисттерди ооздуктоону дагы УКМК жургузот. Себеби озубуз УКМКны котормологон законду референдумда кабыл алып маакул ошондой боло берсин деп откоруп бергенбиз...
0
thirteen
2018-04-03 11:32:05
Ushul emne degen nerse, komplekt chemodan da ancha turbayt...
0
Dalil
2018-04-03 12:27:23
Жегендерди мыйзам чегинде катуу жазалоону талап кылабыз! Кытайда коррупционерлерди камап ага дагы тамак ашына акча коротуп отурбай атып салышат экен. Бизде чыныгы коррупцияга каршы башчы келмейинче, каттуу жаза киргизилбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан