Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча маселеге кайрылат

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча маселеге кайрылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде депутаттар 2018-жылдын 1-февралындагы "Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык жөнүндө" токтомунун аткарылышын карайт.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-февралында Жогорку Кеӊеште аталган токтом кабыл алынган. Ага ылайык, өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгы канааттандырарлык эмес деп табылган.

Жогорку Кеӊеш бул токтом аркылуу өкмөткө Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоо, анын кесепеттерин жоюу, экономикалык чыгымдын көлөмүн аныктоо, айрым кызмат адамдарынын аракетине юридикалык баа берүү боюнча сунуштамалар менен тапшырмаларды берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан