Бишкек жылуулук электр борборунда январь айында болгон өндүрүштүк кырсык жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар боюнча иликтеген депутаттык комиссия бүгүн жыйынга чогулду.
Комиссиянын жыйыны учурда жабык өтүп жатат. Алар ЖЭБге алынган насыяны максатсыз пайдалангандардын жана өндүрүштүк кырсыктын келип чыгуусуна себепкер болгон жетекчилердин ишине баа берүү маселесин карай турганы айтылган.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.