Өлкөдөгү жылуулук электр борборлорунун абалы жакшы эмес. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бишкек ЖЭБинен башка борборлордун бүгүнкү абалына депутат Улан Примов кызыкты.
"Жалпы өлкө боюнча ЖЭБдердин абалы жакшы деле эмес. Анткени кызматкерлер колунан келген акчага жараша иш-чараларды көрүп жатат. Азыр баары жаңы, 100 пайыз даяр дегенден алыс болуп калдык. Бул абалды оңдош үчүн эмне кылабыз, ошол боюнча иштеш керек", - деп жооп берди Исаков.