"ТВЕА" компаниясы менен таанышуу үчүн Кытайга барганым чын, бирок алар менен келишим түзүүнү колдогон эмес болушум керек", - деп бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.
Жээнбеков аталган кытайлык компания менен келишим түзүүнү колдогонун же колдобогону боюнча эсинде жоктугун айтты.
"ТВЕА" компаниясы менен келишим түзүү боюнча мени маалымат каражаттары колдогон деп жазып жатышат. Бирок 5 жыл мурдагыны такташ кыйын да. Менин оюмча келишимди колдогон эмесмин. Кытайга барып келгеним чын. Ал жерде мен барам деп барган эмесмин. Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети тизме түзүп, мени дагы кошуп коюшуптур. 10-15 депутат болуп барып, көрүп келдик. Барып келген каражатты чакырган тарап төлөшү керек. Анткени Кытайга барганга бюджеттен акча ала албайбыз. Компаниянын кеңселерин, жасап жаткан ЖЭБге тиешелүү өндүрүштөрүн көрдүк. Жакшы компания. Алардын ЖЭБди жаңылоо боюнча тажрыйбасы жок болчу деген сөздөр айтылып жатат. Мен адис эмесмин, так айта албайм", - деди Жээнбеков.
Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштерге жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.