Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБинде "Электр станциялары" ишканасынын кызматтык адамдары тарабынан эрежелерди бузуу аныкталды.
"Ыкчам топ туздан тазаланган сууну берүүчү жабдуу өз режиминде иштебей жатканын өз убагында аныктай албады. Ар бир цехтин кызматкерлери өз алдынча иштеп жатты. Ыкчам топ аварияны жоюуда инструкциядагы талаптарга ылайык жетектөөнү жүргүзбөдү", - деп айтылат комиссиянын алдын ала жыйынтыгында.
ЖЭБдеги авариянын алдын ала себептери төмөнкүдөй:
- аварияны жоюуда ыкчам тобунун кызматкерлеринин макулдашылбаган аракеттери,
- жабдууга суунун жетишсиздиги,
- имараттардын күзгү-кышкы мезгилге даярдалбагандыгы,
- 3-блокту иштетүүнүн кечиктирилгени.
Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.