ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын тапшырмасы боюнча өкмөт жоопторду бере элек

ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын тапшырмасы боюнча өкмөт жоопторду бере элек. Мындай маалыматты депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов парламент жыйынында айтты.

Примов: “Былтыр дагы өкмөттүн кышка даярдыгын карап, бекиткенбиз. Анан аягы эмне болгонун көрдүк. ЖЭБ боюнча тийиштүү мекемелерден жооп келбегени үчүн токтом бекитилбей турат”.

Тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев: "ЖЭБ боюнча 2 күн мурун документтер келди. Эсептөө палатасынан жана башкалардан. Комитет жакында ЖЭБде көчмө жыйын өткөрөбүз".

Примов: "Комиссия өкмөткө 3 ай мөөнөт бергенбиз. Бирок маалыматтар түшө элек. Комиссиянын ЖЭБ тууралуу маалыматы боюнча суроолорго жооп бергенден кийин гана маселе палатада каралат".

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан